Жаңылыктар
УКМК жашыруун улутчул топтун мүчөлөрүн кармады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК жашыруун улутчул топтун мүчөлөрүн кармады

Жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалганын атайын кызмат кабарлады. 

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан. 

УКМК тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында аталган топтун үч мүчөсү Кыргызстандын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары экенин аныктап, үчөө тең кармалды. Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынган. 

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.