Жаңылыктар
Нарында Куланак ГЭСинин каскады курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында Куланак ГЭСинин каскады курулат

Жакынкы жылдары 68 мегаВаттык Куланак ГЭСинин каскады курулат. Учурда долбоордун техникалык жана экономикалык негиздемеси даярдалууда. Жыл башында курулушу башталган “Куланак” ГЭСинде жумуш кызуу жүрүп жатат. Маселен, ГЭСте арматура чыгаруучу завод, жумушчулар үчүн дагы кошумча 200 орунду жатакана салынууда. Жалпы кубаттуулугу 100 мегаВат гидроэлектр станциянын курулушу бүтүп ишке кирсе жылына 450 млн. квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө.