Жаңылыктар
Кытайда Кыргызстандын көргөзмө павильону уюштурулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайда Кыргызстандын көргөзмө павильону уюштурулат

Кыргызстандын ата мекендик өндүрүмдөрүн Кытай өлкөсүндө жайылтуу максатында Үрүмчү шаарында улуттук көргөзмө павильону уюштурулат. Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун СУАРга боло турган иш сапарынын алкагында пландалган. Анын жүрүшүндө кыргыз-кытай бизнес-форуму өткөрүлөт. 140тан ашык продукциянын түрлөрү көрсөтүлүп, 80ден ашык бизнес өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.