Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министри Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды
Кыргызстан жаңылыктары
 Өзгөчө кырдаалдар министри Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2-августта саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районунун Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптаган.

Облуста жумушчу сапарда жүргөн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дароо аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышты. Жергиликтүү тургундар менен кезиккен министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрүн куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп чыгарын, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи. Учурда жогорудагы айылдардагы турак үйдүн короо жана жер төлөсүн ӨКМдин куткаруучулары тазалоодо.

Буга чейин 2-3-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү тараткан. ӨКМ сел каптоонун алдын алуу максатында тоо этектеринде жайгашкан үйлөрдүн жанындагы жана чарбактардагы арыктарды тазалоону эскертет.