Жаңылыктар
Жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылындагы 11 турак үй толугу менен бүткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылындагы 11 турак үй толугу менен бүткөрүлдү

2015-жылдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан Ош облусунун Чайчи айылындагы 11 турак үй толугу менен бүткөрүлдү. Жүздөн ашуун кожолук турак-үйлөрүнүн пайдубалын көтөрүп, чатырын жаап алганга үлгүрдү. 

Ал эми курулушу арсар жолдо токтоп турган аз камсыз болгон жарандарга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев жардам көрсөтөөрүн убада кылды. Адистердин айтымында биздин өлкө сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан. Турак-жайлардын басымдуу бөлүгү сейсмикалык талапка жооп бербейт.


Абдилла Өмүрзаковдун үйү жер титирөөдө алтынчы даражада жабыр тарткан. Өкмөт тарабынан берилген 200 миң сомдук кайтарымдуу ссуда алган бул тургундун турак-үйү дээрлик аягына чыгып калды. Бул жолу Өмүрзаков, үйдүн сапатына өзгөчө көңүл бурган.
Баш-паанектин ылдам бүтүшүн үйдүн кожойкеси Канзада Сыдыкова чыдамсыздык менен күтүүдө. Анткени, бул боз үйдүн ичи алты бала, эки небере-жалпысынан 11 жанга тардык кылат

Жергиликтүү эл кирпич, арматура, цемент сыяктуу курулуш каражаттарын базар баасынан төмөн наркта алган менен курулушка деп бөлүнгөн акча каражаты жайдын орто чендеринде берилген. Мындан улам, курулуш иши кечеңдеген. Турак үйүн толугу менен 11 гана кожолук бүтүргөнгө жетишкен. Адистер болсо табийгаттын кандай гана сыноосу болбосун кийин кыйналбаш учун турак-жайды алдын ала камсыздап койгон маанилүү дешет.

Кызыл-Суу аймагында мамлекет берген ссуда - 20 миллион 600 миң сом 177 үй-бүлөгө бөлүнүп берилди. Буга кошумча өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке түшкөн акча каражаттын эсебинен жабыр тарткан ар бир үй-бүлөгө 120 миң сомдон бөлүштүрүлдү. Азыркы күндө мамлекет тарабынан берилүүчү акча каражатынын экинчи этабынын алкагында Ош облусундагы 495 кожолукка ссуда берүү жагы каралууда.