Жаңылыктар
Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган Эл аралык айтыш Ош шаарында өтөт
Маданият
Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган Эл аралык айтыш Ош шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан Эл аралык айтыштын жарым финал жана финалдык туру быйыл Ош шаарында өтөт. 

Калыстардын сынынан өткөн 8 кыргыз акыны 30-31-август күндөрү Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Казакстан, Өзбекстан жана Монголия Республикаларынан келген төкмө акындар менен айтыш курушат. 

Эл аралык айтыш Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана кыргыздын  алгачкы агартуучусу жана жазгыч акыны Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган.

Айтыштын тандоо туру 7-август күнү Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрынын чоң залында 10:00дө башталат.