Жаңылыктар
Жалал-Абадда жаңы аэропорт салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда жаңы аэропорт салынат

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Жалал-Абадда жаңы аэропорт куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү каралып, адистештирилген долбоорлоо институту изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилегендей, аэропорт куруу демилгесинин себеби Жалал-Абад облусунун калкынын аба каттамдарына болгон суроо-талаптары көбөйүшү болуп саналат. Буга бир жумада 9 каттамдын аткарылгандыгы далил. Ошондой эле аэропорттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, учурда “Жалал-Абад” аэропортунда курулуш иштери жүрүп жатат. Учурда учуп-конуу тилкесинин асфальт-бетон төшөлмөсүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Долбоорго ылайык, “Жалал-Абад” аэродромунун рулеждук жолчолорун жана учак токтотуучу жайларын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү каралууда.