Жаңылыктар
“Кербен” аба майданындагы оңдоо иштерин аяктоо алдында турат
Кыргызстан жаңылыктары
“Кербен” аба майданындагы оңдоо иштерин аяктоо алдында турат

“Кербен” аба майданындагы оңдоо иштерин аяктоо алдында турат."Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ишкананын төрагасы Манасбек Самидинов аэропорттун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Учурда аэропорттун учуп-конуу тилкеси, асфальт-бетонтөшөлмөсүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери толук кандуу жүрүүдө."Иштердин бардыгын үстүбүздөгү жылдын 5-августуна чейин бүтүрүүнү көздөп жатабыз. Аэропортуда оңдоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги тарабынан текшерүүдөн өтүп, жарактуулук тастыктамасы берилет. Аталган агенттик уруксат бергенден кийин аэропорт толук кандуу ишке киргизилет", -деп билдирди Манасбек Самидинов. Белгиленгендей, аэропорт жергиликтүү каттамдарга ылайыкталган, оңдоп-түзөө иштери аяктаган соң Бишкек - Кербен -Бишкек багыты боюнча каттамдар 4 мезгил бою, ал эми Кербен - Ысык-Көл - Кербен багыты боюнча каттамдар жайкы туристтик мезгилде аткарыла баштайт. Эске салсак,"Караван" аэропортунун пайдубалы 1976-жылы, түптөлүп 1980-жылы биринчи учак конгон. Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 2007-жылы"Кербен" аэропортунан акыркы учак учуп, ошол маалдан бери аэропорт иштебей келет.