Жаңылыктар
Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча нота жиберилди
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча нота жиберилди

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарында кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. ТИМден билдиришкендей, кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы 18-июлда болгон. 

Бирок, жабыркаган мекендеш элчиликке кайрылган эмес. Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, элчилик тараптан жабыркаган Кыргызстандын жаранынын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштери башталган. “Азыркы учурда элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул факты боюнча жабыркаган менкендешибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында элчилик тараптан тиешелүү иш-чаралары көрүлүп жатат”, - деп кошумчалашты министрликтен. Ошондой эле белгиленгендей, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргызстандын элчилигинен расмий нота жөнөтүлдү. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүнө алынды. Буга чейин ЖМКлар полиция кыргызстандыктын кол салуу боюнча билдирүүсүн кабыл алуудан баш тартканын жазышкан.