Жаңылыктар
Кытай автобустарынын партиясы алып келинет
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай автобустарынын партиясы алып келинет

«Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасында» тиешелүү аймакты кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жакын арада кытай автобустарынын партиясы алып келинет. 

Маалыматка ылайык, мурда тиешелүү тилке 5 жарым гектарды түзсө, бардык иштер аяктагандан кийин ал 7 гектарга чейин көбөйөт. Бул жерде газ кыймылдаткычы бар жаны автобустар, автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станция курулат. Эске салсак, Бишкек шаары үчүн 120 автобус сатылып алынган. Алар борбор калаанын жолдорунда ийгиликтүү сыноодон өткөнү белгиленген. Буга байланыштуу бюджеттик каражаттардын эсебинен ушул маркадагы 1000 автобустун кошумча партиясын сатып алуу чечими кабыл алынды.