Жаңылыктар
Садыр Жапаров «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 22-июнда кабыл алган.

Маалыматта айтылгандай, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат. Кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди. Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 3-4-пункттары менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизилет.