Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы кемечилик ишканасы иштебей токтоп турат
Кыргызстан жаңылыктары
 Ысык-Көл облусундагы кемечилик ишканасы иштебей токтоп турат

 Ысык-Көл облусундагы кемечилик ишканасы учурда иштебей токтоп турат. 

Белгилей кетсек бул ишкана жыл сайын Каракол шаарынын жылуулук берүү жайларына 20 миң тоннадан ашык көмүр жеткирип келген. Быйыл бир да мекеме бул боюнча буйрутма берген эмес. Көмүр Каракол шаарына жүк ташуучу унаалар менен жеткирилүүдө. 

Адистердин айтымында бул биринчиден жаңы салынып жаткан айлампа жолго чоң зыянын тийгизиши мүмкүн. 

Ал эми баржалар бир алып кеткенде элүү унаанын жүгүн бир алып кетип, үнөмдүү болот. Эске сала кетсек жылуулук берүү ишканаларына көмүрдү суу транспорту менен гана жеткирүү чечими өкмөт тарабынан кабыл алынган. Бирок бул буйрук аткарылган жок.