Жаңылыктар
Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мэр Бакытбек Жетигенов автобекетинин абалын жеринен көрүп, тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды. 

Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди. 

Белгилей кетсек, автобекет Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык муниципалитеттин карамагына өттү. Имарат буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.