Жаңылыктар
Ошто "Ош Сити" акылдуу шаарча куруу сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто "Ош Сити" акылдуу шаарча куруу сунушталды

Ош шаарында 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган "Ош Сити" акылдуу шаарча куруу сунушталды. Шаардык мэрия кабарлагандай, бул тууралуу 3-августта шаардык административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкуулоо учурунда айтылды.

Жыйында шаардын 2025-жылга чейинки Башкы планы көрсөтүлүп, анда шаардын аймагын кеңейтүү, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты айтылган. Сунушталган инвестициялык долбоорлордун ичинде ири шаарлардагыдай “Ош Сити” деп аталган акылдуу шаарчасын куруу демилгеси да бар. Анда 500дөн ашык көп кабаттуу турак жай салуу каралган. Мында жалпысынан 250 миңдей адам жашай турганы, долбоорго кеминде 2 млрд доллардай каражат жумшалары кабарланат. Мындан сырткары калаанын түндүк-батыш жагында өнөр жай-соода зонасын куруу, жаңы кичи райондорду салуу, чыгыш стилиндеги муниципалдык базар куруу жана башка сунуштар да бар.