Жаңылыктар
Ош жана Баткен облустарында аскердик машыгуулар өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош жана Баткен облустарында аскердик машыгуулар өтүп жатат

Коргоо министрлиги Ош жана Баткен облустарында аскердик машыгууларды өткөрүүдө. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Анда айтылгандай, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн 31-июлдан 18-августка чейин Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын артиллериялык бөлүкчөлөрүнүн талаа жыйындары уюштурулган. Анын жүрүшүндө эсептердин, взводдордун жана батареялардын курамында артиллериялык бөлүкчөлөрүнүн ыраатуулугунун маселелери иштелип чыгат. Жыйындын максаты өздүк курамдын теориялык билимдерин өркүндөтүү, практикалык көндүмдөрүн бекемедөө болуп саналат. Ошондой эле артиллерияларды даярдоо курсуна ылайык ок атуу, өздүк курамдын тез өзгөрүүчү кырдаалда чечим кабыл алуусун калыптоо жана иштеп чыгуу каралган.