Жаңылыктар
Бишкекте уруксатсыз салынган үйлөрдүн пайдубалы бузулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте уруксатсыз салынган үйлөрдүн пайдубалы бузулууда

Бишкектин Свердлов районунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Райондук акимчиликтин маалымат кызматы билдиргендей, комиссиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, «Кызыл куруучу» конушунда 2 фундамент, «Дачная-Керчинский» жана «Кайыңды-Шоро» конуштарына 5 пайдубал орнотулганы аныкталган. «Ак-Тилек» конушунда дубалды көтөрүү стадиясында курулуш токтотулган. «Ак-Тилек-2» жана «Дордой» конуштарында өз алдынча курулган эки турак-жай аныкталды. Свердлов районунун демилгеси менен бүгүнкү күндө уруксат кагаздары жок курулган «Кызыл куруучу» конушунун 2 пайдубалды бузуу иштери жүрүп жатат.

Аткарылып жаткан иштер презденттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.