Жаңылыктар
Кыргызстанда улуттук көк бөрү боюнча дүйнөлүк мелдеш өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда улуттук көк бөрү боюнча дүйнөлүк мелдеш өтөт

13-августта Чолпон-Ата шаарында башталып, 20-августта финалдык беттеш менен жыйынтыкталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Америкадан келген командалар катышат. 

Дүйнөлүк мелдеште жогорку лига, биринчи жана экинчи, мамлекеттик кызматкерлердин жана ардагерлердин топтору ат салышат. Азыркы тапта Өзбекстан, Казакстан жана Алтайдан командалар келип даярдыктан өтүүдө. Ал эми турнирдин чыгымдары демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда. Анын артынан эле 31-августка карата Ош шаарында Президенттин кубогу өтөт. Учурда Казакстандан башка командалардын баарын Кыргызстан ат менен камсыз кылат. Бул ирет оюн эрежелерине да айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Буга чейин 20 мүнөттөн эки тайм ойносо эми улакчылар 15 мүнөттөн үч тайм беттешет. Оюндун жүрүшүнө мурда үч калыс көз салса эми беш калыс жеңүүчү топту аныктайт. Бул ирет Өзбекстандан, Алтайдан калыстар чакырылды. Тай казан да жаңы коопсуз үлгүдө курулууда. Ага 1 млн сом каражат кетти. Мелдештин байге фонду 5 млн сомдон жогору.