Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын Казакстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узарат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктардын Казакстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узарат

Казакстанда Кыргызстандыктарга каттоосуз 90 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү маселеси каралууда. Өлкө премьер-министринин тиешелүү токтомунун долбоору жарыяланды.

Учурда Кыргызстандын жарандары Казакстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ал эми жаңы документ күчүнө кирсе мөөнөт 90 күнгө чейин узарат. Кабыл алынып жаткан өзгөртүүлөр Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын коңшу өлкөдө жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болору айтылган.