Жаңылыктар
Караколдо аз камсыз үй-бүлөлөлөргө акысыз көмүр таратылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Караколдо аз камсыз  үй-бүлөлөлөргө акысыз көмүр таратылууда

Каракол шаарындагы аз камсыз жана биринчи группадагы майып адамдардын үй-бүлөлөрүнө акысыз көмүр таратылууда. 

Бул жардамды Кыргыз-Корей биргелешкен ишканалардын бири берип жатат. Көмүр жардам катары жүз үй-бүлөгө бир тоннадан таратылат. 

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиргендей акысыз көмүр мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз үй-бүлөөлөрдүн бардыгына эле жетпейт. 

Андыктан көмүргө абдан муктаж болгон жүз адам тандалып алынды. Белгилей кетсек жалпы шаар боюнча эки миңге жакын аз камсыз жана ар кандай топтогу майып адамдар бар.