Жаңылыктар
Ошто аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектери аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектери аныкталды

Ошто Түркиядан аткезчилик менен ташылып келе жаткан 6 млн сомдун дары-дармектери аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери менен биргелешип бажы мыйзамдарын бузууну көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктү аныкташкан. "Стамбул-Ош" аба каттамында келе жаткан Өзбекстандын жаранынын коштолгон жүгүндө дары-дармек аныкталган. 

"Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 6 млн 634 миң 759 сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта. 

Учурда аталган факты тиешелүү органдарда каттоого алынды. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда соттун өндүрүшүндө турат.