Жаңылыктар
Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча аба каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча аба каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен “Uzbekistan Airways” башкармалыгынын төрагасы Шухрат Худайкуловдун жолугушуусунда айтылды. Эки өлкөнүн жана чет өлкөлөрдүн туристтеринин чоң кызыгуусун эске алуу менен өзбек тарапка “Самарканд – Тамчы – Ош – Ташкент” багыты боюнча жаңы сезондук авиакаттамдарды карап чыгуу жана апробациялоо сунушталды. Өзбекстандын тармактык жетекчилиги "Ташкент – Бишкек – Ташкент" багыты боюнча авиакаттамдарды көбөйтүү планын белгиледи. Тараптар авиакаттамдардын көбөйүшү туристтик чөйрөгө оң таасирин тийгизет деген пикирде. 

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туристтик операторлор менен активдүү иш алып баруу боюнча макулдашууга жетишишти.