Жаңылыктар
Баткен: Чет элдиктерди кызыктырган туристтик жай
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Чет элдиктерди кызыктырган туристтик жай

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы расмий ачылып, ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Аталган базаны жаңылоого Дүйнөлүк банк жана Глобалдык Экологиялык фонд дээрлик 34 млн сом каржылык жардам көрсөткөн. 

Дугабада жергиликтүү коноктор жана туристтер үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мында жалпы 84 орун бар. Эс алуу базасынын жалпы аянты 40 гектарды түзөт. Базанын ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов жетектеген делегация катышты. Белгилей кетсек, “Дугаба” эс алуу комплекси 1997-жылы негизделген. Ал Кадамжай шаарынан 31 чакырым алыстыкта жайгашкан.