Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Борбор Азия жаштар форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары

Чолпон-Ата шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Борбор Азия жаштар форуму өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 10-11-август күндөрү өтөт. Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. 

Борбор Азия жаштарынын башын бириктирген форум дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка зор таасир тийгизген кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана калтырып кеткен мурасына арналып, ал өзгөчө орун ээлеген окуя болуп калмакчы. Иш-чаранын максаты – жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.