Жаңылыктар
Электромобилдерге жеңилдик берүү
Кыргызстан жаңылыктары
Электромобилдерге жеңилдик берүү

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын импортуна тарифтик жеңилдиктерди берүү маселесин көтөрдү. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, башкы максат ири шаарлардагы зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу, инновациялык технологияларды өнүктүрүү болуп саналат. 

Жыйынтыгында 2022-жылдын 17-мартында ЕЭК Кеңешинин №39 «Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча Бажы бирлигинин комиссиясынын жана ЕЭК Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечими кабыл алынган. 

Аны менен Кыргызстанга импорттолуучу электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрү үчүн ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен 2022-жылы тарифтик квота - 5 миң жана 2023-жылга - 10 миң даана бирдик бөлүндү. ЕЭК сайтында 2023-жылдын апрель, май жана июль айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан электр кыймылдаткычы бар автотранспорт каражаттары үчүн тарифтерди жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу маселеси каралды.