Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Миң-Куштагы калдык сактоочу жайга барды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Миң-Куштагы калдык сактоочу жайга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштерин көрдү. Белгилей кетсек, учурда уран калдыктарын "Туюк-Суудан" “Дальнее” калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер жүрүүдө. Буга чейин Президент Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, жок кылуу, ташуу учурундагы коопсуздук боюнча тынчсызданууларын уккан. Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри баш болгон тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин жеринде көрүп чыгып, анын жыйынтыгында бир катар тапшырмаларды берди.