Жаңылыктар
Дизель майынын баасы көзөмөлдөнөт
Кыргызстан жаңылыктары
Дизель майынын баасы көзөмөлдөнөт

Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты. Бул тууралуу УКМКнын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

 5-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы , Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы жана ошондой эле күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай нефтетрейдерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Отурумда нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып жана бааларды төмөндөтүү зарылдыгы ошондой эле калкты арзан баада дизель майы менен камсыз кылуу үчүн бааларды төмөндөтүү жана мындан кийин дизель майынын 1 литри 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгы айтылды. Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты.