Жаңылыктар
Түркия Европадагы убакыт алкагынан баш тартууда
Дүйнө
 Түркия Европадагы убакыт алкагынан баш тартууда

Россиялык “Новая газета“  басылмасынын   журналисти Александр Чурсин ”Түркия саат жебесин  Меккеге карап түздөдү”- аттуу макаласын жазып чыкты. Орус кесиптешибиздин   айтымында Түркия Европадагы     убакыт алкагынан  баш тартууда. 

Эрдогандын күйө баласы Энергетика  министри Берат Албайрактын сунушу менен   түрк сааттарынын жебелери  ушул дем алыш күнү  Европа  убакытысынан  которулат. Түркиянын жарандарына  мындай  сунуштун негизинде мусулмандар  үчүн ыйык Мекке шаары менен саат убактысы  бирдей болот -деп түшүндүрүүдө. Жогоруда сөз  болгон чечим менен Анкара Европадан алыстаганга аракет  кылган учуру. Ошол эле убакта Түркия мусулман дүйнөсү менен жакындашгысы келет -дейт автор.

Анын үстүнө Меке калаасы Осмон хандыгынын бир бөлүгү эле.  Түркияда акыркы мезгилде   Осмон империясынын доору  тууралуу көп   айтылып жатат. Жакынкы убакытта өлкөнүн  коопсуздук  кеңешинде Эрдоган  Лозанн   тынчтык келишимине күмөн санаарын жар салды. Анткени бул келишимге  1923-жылы  Түркия кол коюу менен Стамбулга   баш  ийген мамлекеттерден   айрылган.

Ошол эле убакта бүгүнкү  Түркиянын  аймактары сакталып калган. Биз өз эркибиз менен азыркы   чек аймагын  кабыл алган эмеспиз. Себеби өлкөбүздү түптөгөн ишмерлер бапшка жерде туулганы буга айкын далил- деди Эрдоган. Аны айтымында    түрктөр 720 миң  квадрат километр түзгөн мамлекетте каниет кылып  жашап жатышат. Буга чейин алар  20 миллион квадрат километр   болгон аймактарды ээлик кылган.

Ошондуктан   Түркиянын башчысы  1920-жылы кенже түрктөрдүн парламенти «Улуттук пакт»- деп аталган  документ тууралуу айтып чыккан.  Ушул  документте , Осмон хандыгы Биринчи Дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин, жаңы түрк мамлекети  коңшу   араб аймактарын ,анын ичинде бүгүнкү Сириянын  Алеппо, Ирактын  Масул менен  Киркук  калааларын  ,Грецияга карамагына өткөн Эгей   деңизиндеги аралдарды жана  Грузиянын  Батуми шаарын көзөмөлдөп калганга болжолдогон. Айтмакчы     Осмон  империясынын  географиялык  картасы түрк  социалдык тармактарында   чоң суроо-талап менен колдонууда.Аны  мамлекеттик телеканалдар бир нече жолу көрсөтүшкөн. Азырынча  Эрдоган Кемел  Ататүрк  1920 –жылдардын башында батыш державалары менен кол  койгон тынчтык келишиминин айрым беренелерин  сынга алып жаткан учуру. Ошол эле маалда Осмон хандыгына кирген аймактар жана чек араны кайра карап чыгуу  туралуу талап кое элек.Бирок эртеби же кечпи бул маселе козголот-деп орус журналист макаласын жыйынтыктады.

Украиналык “Украiнська правда” интернет булагынын журналисти Дмитрий Шемелин ”Конок сүйбөгөн  Лондон”аттуу макаласы жар салды. Шемелиндин  айтымында Уулу  Британия   украиналык жемкорлордун кыймылсыз мүлкүн камакка алат. Бирок Лондон бул иш –чара менен токтолбостон, башкаларды да куугунтуктайт. Англияда 2017-жылы  жазында  параколорлук жана  каржылык кылмыштар  менен күрөшө  турган   чыныгы реформа даярдалууда. Жогоруда сөз болгон ыкмалар  менен британиялык күч түзүмдөр өлкөдө чет элдиктер сатып алган көптөгөн кыймылсыз үй-мүлктөрүн камакка алуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

Азыркы күнгө чейин Англиянын бийлиги жогоруда айтылган киреше  жөнүндө шекшисе да кылмыш ишин козгогонго укугу болгон эмес. Анткени Бириккен падышачылык жана кайсы өлкөдөн  паракор   уурдаган  каражат туралуу  кылмыш иши козголгону жөнүндө өкүмү керек болчу. Иш жүзүндө жемкорлор  Ата –Мекенинде  мындай сот процессине мыйзамдын начардыгы менен  көп бөгөт коюп келген. Чет элдик соттун өкүмү  ишке ашкан күндө да алардын кылмыш иши англиялык сот  жокко чыгарчу. Эгерде пакордун үй мүлкү камакка алынса .Анда мамлекет чыгымдарын төлөп бериш керек эле. 

Ошондуктан британиялыктар ушундай тобокелге баргысы келген эмес. Ал эми жогорудай айтылган мыйзам долбоорун британиялык парламент кабыл алса. Англиянын бийлиги чет элдик жемкордун үй мүлкү 100 миң  фунт  стерлингден ашык деген  маалыматтын негизинде, ээсин кайсы киреше менен сатып алганын далилдөөсүн талап коет. Ошол эле убакта британ өкмөтү паракордун үй-мүлкүн камаганга укугу бар. Паракор бул чечимди аткарбаса ,анын үй-мүлкүнүн  эсебинен мамлекеттин казынага айып пул төлөш керек.Себеби Бириккен падышачылык жемкорлордун  ордосу. Уулу Британиянын жер реестри  Лондондо   оффшор фирмалары 40 миң кыймылсыз үй-мүлкүнө ээ. Ушул обьектилердин баасы  миллиардаган  фунтка жетет. Евро биримдиктен баш тарткан Англиянын казынасы чыгым тартууда. Ушундай иш чара менен Улуу Британиянын Өкмөтү казынасын толуктайт- деп боолголойт  автор  макаласында .

  Талдоо маалыматын    даярдаган Алмаз Батилов

   Тааныштырган Мирбек  Сакенов  Биринчи радио