Жаңылыктар
Энергетикадагы иштер эми эртелейби?
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетикадагы иштер эми эртелейби?

Кыргызстан Борбор Азияда суу башында туруп гидропотенциалынын 10 пайызын гана колдонуп келет. Ресурстарынын мол экенине карабай жыл сайын өлкө суук түшкөндө энергетикалык каатчылыкка кабылат. Ошол эле учурда электр энергиясын керектөө жыл сайын орто эсеп менен 5-10%га өсүүдө. Быйылкы жылга эле 2,5 миллиард кВт саатка жакын жетишсиздик бар. Бюджеттен каралган 3 миллиард сомдун 400 миллиону отун-көмүр алууга калганы сырттан электр энергияны экспорт кылууга жумшалат. Энергетикадагы таңсыктыкты жоюу мамлекеттин башкы тапшырмасынын бири болуп, көп багытта жумуштар жүрүп жатат.