Жаңылыктар
Пакистанда поезд рельстен чыгып кетип, 30 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Пакистанда поезд рельстен чыгып кетип, 30 адам каза болду

Алдын ала маалымат боюнча, Пакистандын түштүгүндө поезд рельстен чыгып кетип, анын кесепетинен жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Поезддин рельстен чыгып кетишинин кесепетинен 30 адам каза болгон. Темир жолдун башчысы Махмудур Рехман Лахо Равалпиндиге бараткан поезддеги он вагон рельстен чыгып, айрымдары Пакистандын Навабшах шаарына жакын жерде оодарылып, көптөгөн жүргүнчүлөрдү басып калганын билдирди. Кырсыктан жарат алгандардын саны 60ка жетти.