Жаңылыктар
Самарканд - Тамчы - Ош - Ташкент сезондук каттамын ачуу пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Самарканд - Тамчы - Ош - Ташкент сезондук каттамын ачуу пландалууда

Самарканд - Тамчы - Ош - Ташкент сезондук каттамын ачуу пландалууда. Бул демилгени Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси менен Өзбекстандын авиакомпаниясынын жетекчиси менен жолугушууда көтөрүлдү. 

Тараптар жарандык авиация тармагындагы маселелерди талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы каттамдардын географиясын кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн улуттук авиаташуучуларынын каттамдарынын жыштыгын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.