Жаңылыктар
Бишкек менен Чүйдөгү 10 бейтапканага заманбап жабдуулар келет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек менен Чүйдөгү 10 бейтапканага заманбап жабдуулар келет

Бишкек менен Чүйдөгү 10 медициналык мекеме Япониядан заманбап жабдууларды алат. Жогорку Кеңештин депутаты Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү жана япониялык медициналык консультанттар менен жолуккан. 

Анда буга чейин кол коюлган меморандумдун алкагында 7,5 миллион долларга саламаттык сактоо тармагына заманбап диагностикалык жабдууларды гранттык негизде берүү талкууланган. Япониядан келген адистер Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапкананы кыдырып, зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышкан. Заманбап жабдуулар толугу менен 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башында келиши күтүлүүдө.