Жаңылыктар
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. 

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын 6 мүчөсү эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты. Анда Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Раззак Бейшекеев алтын медаль утту. Бексултан Махмудов күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков менен Амантур Исмаилов коло медалдын ээ болушту.