Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти Президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. 2 күн мурда эс алууга барган Талас облусунун тургуну Бекбол Аманкулов көл жээгинде каза болгон. Жакындары ал ур-токмоктон улам кайтыш болгонун айтышууда. Ал эми милиция жигиттин денесинен криминалдык тактарды байкабаганын билдирүүдө.