Жаңылыктар
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы филиппиндиктер менен беттешет
Спорт
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы филиппиндиктер менен беттешет

Филиппин менен Кыргызстандын улуттук курама командалары 9-ноябрда Манила шаарында беттешет. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты жазды. Филиппиндин борборунда өтө турган беттеш Бишкек убактысы боюнча 18:00 башталат. Буга чейин атталган командалар борбор калаада сентябрда өтүп, конок команда 2:1 эсебинде жеңип кеткен. Ал эми Бахрейн менен достук беттеш 15-ноябрда Бахрейнде өтөт.

Оор атлетика боюнча турнир жыйынтыгы белгилүү болду. Аталган спорттук иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 26-27-октябрда өткөн.   Мелдеште 15 комплект медал үчүн аймактардан келген 140тан ашык спортсмен күч сынашкан. Анда 44 килограмм салмактагылардан баштап, 85 килограммдыктарга чейин 15 жеңичүү аныкталды.

Борбор калаада мүмкүчүлүгү чектелгендер арасында шахмат-шашки оюндары боюнча  спартакиада башталды. Жарыш 17 ноябрга чейин уланып, угуусу начар  40тан ашык спорт сүйүүчүлөрү катышууда. Иш-чараны Бишкек шаарынын дене-тербия жана спорт башкармалыгы уюштурууда.

Дзюдо боюнча «Хан Манас» кубогу үчүн мелдеш Бишкекте 3-4-декабрда өтөт.  Учурда жергиликтүү жна чет элдик спортчулардын катышуусу такталууда. Аталган спорттук иш-чара жетинчи жолу өтөт. Анда эң көп алтын медал алган команда  кубокко ээ болот. Өткөн жылы болсо Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын спортчулары күч сынашып,  "Хан Манас" кубогун Казахстан командасы алган. 

Фудзал боюнча өлкө биринчилигинин беттештери 4-6-октябрга чейин өтөт. Үч күн аралыгында 6 команда  күч сынашат.  Анда Бишкектин «Нурфинанс», «Фарватер» менен «Дордой»командалары Таластын «Талас», Жети-Өгүздүн «Мурас, жана Нарындын «Востокэлектро» командалары беттешет.

  Мирбек Сакенов Биринчи радио