Жаңылыктар
ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 7-8-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Сел коркунучуна байланыштуу, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган. Учурда аталган айылдарда селдин кесепетин жоюу иштери аткарылууда.