Жаңылыктар
Кыргызстандыктар Казакстанда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар Казакстанда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстандыктар Казакстанда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Муну шарттаган токтомго Казакстандын премьер-министри кол койду. 

Азыр Кыргызстандын жарандары коңшу мамлекетте 30 күн каттоосуз жүрө алат. Документ күчүнө киргенде бул мөөнөт 90 күнгө чейин узартылат. Казакстандын өкмөтүнүн токтомунда “өлкөлөр ортосундагы мамилени чыңдоо жана кыргызстандыктардын Казакстан Республикасында болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өзгөртүүлөр киргизилип жатканы” белгиленген.