Жаңылыктар
"Баткен" аэропортун атайын техникалар менен камсыздоо маселеси чечилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
"Баткен" аэропортун атайын техникалар менен камсыздоо маселеси чечилүүдө

"Баткен" аэропортун атайын техникалар менен камсыздоо маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

 "Баткен" аэропортунун учуп-конуу тилкеси 2023-жылдын май айында толук кандуу кайрадан жасалып ишке берилген. Учурда Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча ата мекендик авиакомпаниясы жумасына катам 1 жолу аткарылууда. Суроо-талап чоң болгондуктан, келечекте аталган багыт боюнча каттамдарды көбөйтүү мерчемделди. Учурда аталган аэропортко атайын техникаларды токтотуучу жайлар курулууда. Ошондой эле жер астынан суу чыгарылып аэропорт толук кандуу суу менен камсыз болот.