Жаңылыктар
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызиндустрия” ААКнын өндүрүш ишканаларына барды
Кыргызстан жаңылыктары
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызиндустрия” ААКнын өндүрүш ишканаларына барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомуна барды. 

Эскерте кетсек, аны жакын арада «Бишкек штамптоочу завод» мамлекеттик ишканасынын базасында ишке киргизүү пландалууда. Белгиленгендей, 2023-жылдын сентябрь айында «Кыргызбетоностроения» жана «Кыргыз топчу» сыяктуу жаңы өндүрүш ишканалары ачылат. Ишканалар заманбап жабдуулар менен жабдылып, алар Италиядан бир нече этап менен алынып келинет. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жеңил өнөр жай, курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууну уюштуруу тапшырмасын берди. Бул ишканалардын продукциясы биринчи кезекте жергиликтүү рыноктун керектөөсүнө жабуусу шарт экени белгиледи. 

Мындан тышкары Акылбек Жапаровго металлдын бардык түрлөрүн кайра иштетүү үчүн машиналарды жана системаларды өндүрүү, сатуу менен алектенген италиялык компаниянын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. «Кыргызиндустриянын» президенти Жарасул Абдураимов учурда аталган жабдыктарды алуу боюнча ишкананын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.