Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жүргөн Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарынын жашоочуларынан кабар алып, кесепеттерин жоюу иштеринин аткарылышын көзөмөлдөдү.
Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында аталган айылдарда "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.
"Бул айылдарда сел суулары жалпысынан 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, эртең менен табигый кырсыктын кесепеттерин жоюга 249 адам тартылган, анын 103ү куткаруучулар. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп иштешүүдө.
Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды, зыян тарткан үйлөрдү тактоо иштерин жүргүзүүдө.