Жаңылыктар
Нарында аймактык реформа толук ишке ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында аймактык реформа толук ишке ашты

Нарын облусунда айыл аймактарынын деңгээлинде сыноо иретинде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа толук ишке ашты.

 Ирилештирүүнүн натыйжасында 113 млн сом үнөмдөлдү. 63 айыл өкмөт 27 айыл өкмөткө бириктирилип, 246 штатка кыскартылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базасында облус боюнча ирилештирилген айыл аймактардын борборуна 26 муниципалдык ишкана түзүлдү. Кызмат көрсөтүүдөн алынган жыйымдар жана жайыт акыларынан чогултулган каражат жергиликтүү маселелерди чечүүгө жумшалууда.