Жаңылыктар
Түптө 3 айылда сел жүрүп, 100 үйдүн короо жайын суу каптады
Кыргызстан жаңылыктары
Түптө 3 айылда сел жүрүп, 100 үйдүн короо жайын суу каптады


7-августта болжол менен кечки саат бештер чамасында Түп районунун Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдан улам сел жүргөн. Сел үч айылдагы 100гө чукул турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн каптаган. Учурда жеринде топторго бөлүнүп куткаруучулар, жергиликтүү тургундар тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө.