Жаңылыктар
Ири суммадагы акча алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ири суммадагы акча алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Ал мурда үч жолу соттолгон. 

УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, ал “Опузалап талап кылуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну.

 Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.