Министрлер Кабинети “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын жыйынтыктарын чыгарды. Анын алкагында көптөн бери чечилбей келген социалдык 3 маселе 100 күндүн ичинде чечилип, иштер ашыгы менен аткарылды. Бирок, дагы кошумча жумушту алып баруу талап кылынат. Мындан улам Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү министрлик менен мекеме жетекчилерине тапшырмаларды берди.