Мамлекеттик бажы кызматы июль айында бюджетке 10 млрд 200 миллион сом төлөм төктү. Пландык көрсөткүчтөр 112 пайызга аткарылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд 600 миллион сомго көп. Ал арада тиешелүү бажы жайларында бул көрсөткүчтөрдү камсыздоо үчүн күнү-түнү дебей кызматта турушат.