Жаңылыктар
Бишкекте 20-августтан тарта автобус менен троллейбустар накталай акча албайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 20-августтан тарта автобус менен троллейбустар накталай акча албайт

Бишкектеги автобус, троллейбустар 20-августтан тарта накталай эмес төлөмгө өтөт. Жүргүнчүлөр жол кирени беш ыкма менен төлөй алышат. 

Бардык транспорт каражаттарында төлөм кабыл алуучу валидаторлор орнотулган. Учурда шаардын 59 миңден ашуун пенсионери кызыл "Тулпар" картасы менен камсыздалган. Мынданы тышкары 11 миңден ашуун окуучунун жашыл түстөгү карталары бар. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жыл соңуна чейин газ менен жүрүүчү 500 автобус сатып алуу боюнча план коюлган. Анын 50сү 15-августка чейин келет. Мындан тышкары эл аралык донорлордун жардамы менен 120 электробус, газ менен жүргөн 124 автобус алып келинип, тийиштүү инфраструктурасы түзүлөт.