Билим берүү жана илим министрлигинин имаратына уурулукка кирген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
ИИМдин Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө министрликтин имаратынын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя 7нен 8-августка караган түнү болгон. Жерине барган атайын топ тарабынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, багажынан министрликке тиешелүү чугун батареялары табылган. Министрликтин имаратына уурулукка кирүүгө шектелип 50, 51, 32 жана 33 жаштагы төрт жаран кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.