Жаңылыктар
Некролог - Кубатбек Талыпов дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Некролог - Кубатбек Талыпов дүйнө салды

НЕКРОЛОГ: Улуттук Телерадио берүү корпорациясынын мурдагы вице-президенти, Республикалык радиотеле борбордун мурдагы башкы директору

Талыпов Кубатбек Кемелович дүйнөдөн кайтты. Ал 1955-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан айлында туулган. Кубатбек Талыпов эмгек жолун 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин аяктагандан кийин прикладдык математика кафедрасында мугалим болуу менен баштаган. 

Андан кийин Илимдер Академиясында, “Кыргызагробизнесте”, Илим жана жаңы технологиялар боюнча Мамлекеттик комитетинде, “Кыргыздыйканбанкта”, Компьютердик технологиялар борборунда, Транспорт жана коммуникация министрлигинде жооптуу жана жетектөөчү кызматтарды аркалаган. Ал 2003төн 2005-жылга чейин Улуттук Телерадио берүү корпорациясынын вице-президенти, андан кийин Республикалык радиотеле борбордун генералдык директору болуп эмгектенген. 

Техника илимдеринин кандидаттын 25тен ашык илимий макалаларды жана маалыматтык система боюнча отчеттору жарык көргөн. Маалыматтык коммуникация системасынын менеджменти жаатында бир катар сертификаттарга, ардак грамоталарга ээ болгон. 

УТРКнын жалпы жамааты Кубатбек Талыповдун жакындарына терен кайгыруу менен көнүл айтып, кайгысын тен бөлүшөт.