Жаңылыктар
Пластик буюмдарды жүгүртүүгө мыйзам аркылуу тыюу cалынган чектөөлөр бузулса, чара көрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Пластик буюмдарды жүгүртүүгө мыйзам аркылуу тыюу cалынган чектөөлөр бузулса, чара көрүлөт

Пластик буюмдарды жүгүртүүгө мыйзам аркылуу тыюу cалынган чектөөлөр бузулса, ага карата тиешелүү чара көрүүнү шарттаган мыйзам кабыл алынды. Ага өлкө башчы койду. Документ - полиэтилен пакеттерин жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө тыюу салган мыйзамды улай эле аны бузган тараптардын укугун чектеген жана аларга карата айып пулдун көлөмүн аныктаган чараларды так белгилейт. 

Тактап айтканда, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө тыюу cалынганын бузгандыгы үчүн – жеке жактарга 100, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. Эгерде аларды сатууга тыюу салынганына карабай улантып сата бере турган болсо – жеке жактарга 30, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. 

Соода кылган жана кызмат көрсөткөн тараптар тыюу салынганына карабай акысыз таркатып берүүнү уланта турган болсо алгач аларга эскертүү берилет. Эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайта кармалса – жеке жактар 10, юридикалык жактар 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөйт. 

Белгилей кетчү нерсе, мындай жоопкерчиликке тартуу эрежеси 2027-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Ал эми Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасы, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасында жана жээктеринде пластик пакеттер менен буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө мыйзам менен белгиленген тыюу cалууларды жана чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн – жеке жана юридикалык жактарга дагы алгач эскертүү берилет. Мыйзамга баш ийбей кайталап эреже бузган учурлар катталса жеке жактар менен юридикалык жактарга бир нече эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу жагы каралды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.