Жаңылыктар
Быйылкы июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болду
Кыргызстан жаңылыктары
Быйылкы июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болду

2023-жылдын июль айы 1850-жылдан берки эң ысык мезгил болду. Мындай маалыматты климатты изилдөө боюнча европалык Copernicus кызматы билдирди. 

Июлда дүйнө жүзү боюнча абанын орточо температурасы 17 градус болгон. Бул өнөр жай дооруна чейинки абанын табынан 1,5 градус жана 2019-жылдагы ушул айдагы рекорддук ысыктан 0,3 градус жогору болду.