Жаңылыктар
Мамкатчы Бишкекте өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр модасы фестивалынын ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Мамкатчы Бишкекте өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр модасы фестивалынын ачылышына катышты

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Дүйнөлүк көчмөндөр Модасы фестивалынын 5-сезонунун ачылышына катышты.

Беш жыл ичинде Кыргыздын желегин 50гө жакын мамлекетке көтөрүп, кыргыз модасына таанытып, салттуу кийим, мода индустриясын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан Назира Бегим жана башка уюштуруучуларга мамлекеттик катчы ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанда "Дүйнөлүк көчмөндөр" мода фестивалы 2017-жылы эл алдында көрсөтүлө баштаган.

Аталган фестиваль Марокко, Франция, Индия, Орто Азия өлкөлөрү, Индонезия, Кытай, Корея мамлекеттеринде уюштурууга жетишкен.